КЕҢ-СУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ-СУУ – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Сан-Таш айыл округуна караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүк-чыгышында, Түп суу­сунун ортоңку агымынын оң жээгинде, Түп – Каркыра автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1760 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 51 км түндүк-чыгыш тарап­та. Балыкчы темир жол бекетинен 222 км. Калкы 2070 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Не­гизги мектеп, китепкана, медпункт бар. Кыш­такта Кыргыз эл жазуучусу Т. Сыдыкбеков туулган.