КЕҢ-СУУ
КЕҢ-СУУ – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Сан-Таш айыл округуна караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүк-чыгышында, Түп суусунун ортоңку агымынын оң жээгинде, Түп – Каркыра автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1760 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 51 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 222 км. Калкы 1886 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Негизги мектеп, китепкана, медпункт бар. Кыштакта Кыргыз эл жазуучусу Т. Сыдыкбеков туулган.