ИСМАНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:59, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСМАНОВ Хусаин [24. 01. 1924, СССР, РСФСР, Түркстан АССРи, Пишпек уезди (азыркы Сокулук району), Орок айылы – 28. 09. 1956, Кыргыз ССРи, Фрунзе облусу, Кызыл-Аскер району, Кашка-Баш айылы) – Даңк орденинин толук кавалери.

Советтик Армиянын катарына 1943-жылы чакырылып, 1-Белоруссия фронту, 8-гвардиялык армия, 82-гвардиялык аткычтар дивизиясынын катарында ошол эле жылдын октябрь айынан согушка кирген. Түштүк-Ба­тыш, 3-Украин, 1-Белорус фронтторунда Украина, Висла дарыясы, Магнушев плацдармдарында салгылашып, Варшаваны жана Берлинге бошотууга катышкан. болгон. Висла дарыясынын сол жээгиндеги плацдармды ээлөөдө өз экипажы менен душмандын төрт контрабуулунун мизин кайтарып, эки танк, бир бронетранспортер, үч пулемёт жана ондон ашык немец жоокерлерин жок кылганы үчүн 03. 11. 1944-жылы гвардиянын сержанты Х. Исманов 3-даражадагы (№ 173940), Магнушев плацдар­мында душман техникала­рын жок кылгандыгы үчүн 2-даражадагы (1945) ж-а Познань шаарын алуудагы эрдиги үчүн 1-дара­жадагы Даңк (1945), Кызыл Жылдыз орденде­ри ж-а медалдар м-н сыйланган.