КЕҢ ЭКРАНДУУ КИНО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:45, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ ЭКРАНДУУ КИНО́ – көрүү талаасы чоңой­тулуп жана стереофон үн менен тартылган, кеңири экранда көрсөтүлүүчү кино. Кең экрандуу кино тартуу идея­сы кинематограф (кыймылдагы объектини жа­рык, сезгич тасмага тартуучу жана ал сүрөттү экранга көрсөтүүчү аппарат) ойлоп чыгарылган­дан башталган. Азыркы кең экрандуу кинолор ар түрдүү техникалык системалар (анаморфот оптикалуу, узата кадрлуу, кең тасмалуу системалар) менен тарты­лат. Анаморфот оптикалуу система менен кең экрандуу кино тартууда кино аппараты анаморфоттук объектив кийгизме менен жабдылат да, объектинин кино кадрдагы сүрөтү горизонталь боюнча «жыйрылат». Кино тасманын өлчөмдөрүн өзгөртпөй туруп, жактарынын катышы 1:2,55 болгон сүрөт алынат. Мындай тасманы экранда көрсөтөрдө кино көрсөткүч аппараттын объективине ана­морфоттук кийгизме орнотулат да, тартылган­да «жыйрылып» түшкөн сүрөт горизонталь боюнча чоюлуп көрсөтүлөт. Экрандын туурасы 15–22 м болот. Үндү угузуу үчүн үч каналдуу система кол­донулуп, 3 же 4 топтон турган күчөтүп сүйлө­гүчтөр пайдаланылат. «Синерама» системасы 1952-жылы Америка Кошмо Штаттарында иштелип чыккан. Бул система менен тартылуучу жана көрсөтүлүүчү кино тасманын ар бир кадры катар коюлган кино тар­туучу аппарат менен 35 ммлик үч кино тасмага ай­рым тартылат. Конструкциясы бири-бирине карата 48° бурч боюнча жайгаштырылат. Бул ка­мералардагы тасма бирдей (синхрондуу) жыл­дырылат. Фокус жана диафрагма үч объективде бир убакта коюлат. Үч тасманын ар биринен позитив чыгарылат. Кино театрдагы атайын конструкциядагы экранга бир маалда айрым үч позитив көрсөтүлөт. «Караш-караш» (режиссёру Б. Шамшиев, 1968), «Ак илбирстин тукуму» (Т. Океев, 1984), «Теңир» (Мари де Поншели­вил, Америка Кошмо Штаттары менен бирге, 2008), «Уурунун махаба­ты» (Э. Абдыжапаров, 2009), «Свет аке» (Актан Арым Кубат, 2010), «Аталар керээзи» (Нурбек Эген, 2007) жана башка тасмалар кең экрандуу фор­матта тартылган. Кыргызстанда кең экрандуу кино «Ала-Тоо», «Октябрь», «Россия», «Манас» жана башка кино театр­ларда көрсөтүлөт.