КҮҮ (жыгач челек)
КҮҮ – жыгачтан жасалган челек. Ичине куюлган майлуу сүттөн бишкек менен бышып отуруп, ак май ажыратылып алынган. Ооз жагы кууш келип, узундугу 60–80 см, түбүнүн айланасы 70– 80 см, ооз жагыныкы 50–60 см болгон. Бишкеги 85–95 см жумуру таякчадан жасалган; учуна жазылыгы 2–3 см, уз. 15–18 см жыгач ашталып, кайчылаш бекитилген.