КЕРЕЙ ТИТАН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:12, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЕЙ ТИТА́Н КЕНИ Жалал-Абад облусунун Ноо­кен районунда, Жалал-Абад шаарынан 70–80 км түндүк-батыш тарапта, Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк капталында. 1949-жылы изилденген. Кен аймагын силур м-н девондун чөкмө тектери ж-а аны жи­реп чыккан ультранегиздүү интрузия түзөт. Кен­таш габбро-диабаз штогунда жайгашкан. Ал майда, чачыранды сепкил түрүндөгү ильменит минералынан турат. Кошунду түрдө марганец, ванадий, жез минералдары кездешет. Кендеги титандын кондициялык өлчөмү 3,44%ке чейин.