КЕРЕЗБЕКОВ
КЕРЕЗБЕКОВ Канат (29. 1. 1970-жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Жумгал айылы) –

юридика илимдеринин доктору (2008), КРдин эмгек сиңирген юристи (2009). 1993-жылы КМУну бүткөн. 1992–96-жылдарда илимий-өндүрүштүк «Элдос ЛТД» фирмасында юрист-консультант, 1996–99-жылдарда КР УИАнын философия ж-а укук институтунда илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, бөлүм башчысы, 1999–2005-жылдарда КМУда окутуучу, доцент, кафедра башчысы, 2001–02-жылдарда КМУда юридика институтунун директорунун орун басары, директордун милдетин аткаруучу, 2005-жылдан КРдин Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору. КРдин Демократиялык, Жер кодекстери ж. б. мыйзам актыларынын, КР УИА, Ипотека, Третейский суд ж-а КРдин жер-агрардык реформасы боюнча мыйзамдардын пакетин иштеп чыгуучулардын бири. «Кыргыз Республикасынын жер укугу», «Третейский суд», «Укук таануу» окуу куралдарын даярдоо боюнча автордук жамааттын жетекчиси, «Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттары жана укук» окуу куралына авторлош. 80ден ашуун илимий макалалардын автору. «Даңк» медалы м-н сыйланган.