КҮРПҮЛДӨК
КҮРПҮЛДӨК – Чүй облусунун Панфилов районундагы кыштак. Күрпүлдөк айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 615 км бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кайыңды шаарчасынан 24 км түштүк тарапта. Кыштак 1932-жылы негизделген. Калкы 1578 (2009); негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, соода түйүндөрү жана башкалар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.