КЕРЕЖ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЕ́Ж – Ирандын түндүгүндөгү шаар. Тегеран останында. Тегерандын шаар-спутниги. Кереж дарыясынын боюнда, Эльбурс тоосунун этегинде жай­гашкан. Калкы 1,5 млн (2008). Тегеран м-н те­мир ж-а автомобиль магистралдары аркылуу байланышат. Б. з. ч. 3-кылымдын аягынан белгилүү. Орто кылымдын кербен-сарайы, шаардын четин­де Мехршахр маданий комплекси (Морварид ак сарайы м-н) сакталган. Ядролук изилдөөлөр инсти­туту, жаратылыш ресурстар илим-изилдөө борбору, айыл чарба университети бар. Машина куруу ж-а металл иштетүү (ракета техникасы ж-а газ өндүрүшү ж. б.), химия (суперфосфат ж. б.), жеңил (текстиль, булгаа­ры-бут кийим) ж-а тамак-аш өнөр жай, курулуш материалдар өндүрүшү ж-а шаарга жакын жер­де жеңил автомобиль ж-а автобустарды кураш­тыруучу завод иштейт.