КҮМБӨЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:49, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮМБӨЗ (арабча куббаэ – көмкөрүлгөн чатырча– фарсыча гомбед – көмкөрүлгөн асман) – бейит үстүнө салынуучу архитектуралык курулуш. Ал таш, кыш, темир, гранит, мрамор сыяктуу бышык материалдан курулат. Күмбөздүн Египет пирамидасы (мисалы Хеопс фараон пирамидасы)– кумпал­дуу азиялык күмбөз Индияда жана Кичи Азияда аскага оюлуп жасалган күмбөз сыяктуу түрлөрү бар. Cамаркандда Рухабаддын, Эмирдин (Гур-Эмир) жана башка кумпалуу салынган күмбөздөр белгилүү. Кырг­ызстандын Өзгөн шаарында үч күмбөз (XI–XII кылымдар), Шах- Фазил күмбөзү (XI–XII кылымдар, Ала-Бука р-ну, Cафед- Булан кыштагы), Манастын күмбөзү (XIV кылым, Талас району, Таш-Арык кыштагы), Чүй өрөөнүндө Байтиктин күмбөзү (XIX кылым), Өзүбектин күмбөзү (1914) жана башка эстелик күмбөздөр бар.