ГЕРАСИМОВ Михаил Кузьмич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:15, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРАСИМОВ Михаил Кузьмич (20. 10. 1920, РСФСР, Алтай губерниясы, Барнаул уезди, Зеленая Роща кыштагы – 20. 08. 1993, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары) – Даңк орденин толук кавалери. Новосибирск облусунун Кривощеково станциясында (азыркы Новосибирск шаарынын ичиндеги Новосибирск-Западный станциясы) кесиптик окуу жайында окуп, эмгек жолун Казак ССРинин Чымкент (азыркы Түштүк Казакстан) облусунун Пахтарал районундагы колхоздо айдоочу болуп иштөө менен баштаган.

Кызыл Армиянын катарына 1940-жылдын март айында Алтай крайынын Парфёновский райондук аскер комиссариаты тарабынан чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылдын августунан тартып катышкан. Калинин фронтундагы 90-гвардиялык аба-чабуулу полкунда, 1943-жылдын июнунан Воронеж, 1943-жылдын октябрынан 1-Украина, 1944-жылдын сентябрынан 2-Украина фронтторунда артиллерист кызматын өтөгөн. Курск (1943), Днепр салгылашуулары, ошондой эле  Житомир-Бердичев, Корсунь-Шевченко, Проскуров-Черновцы, Львов-Сандомер операциялары, Будапешт, Вена, Братислава-Брно жана Прага шаарларын бошотууга катышкан. Немецтик баскынчыларына каршы күрөштө фронттогу командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткарып, көрсөткөн эрдиктери жана күжүрмөндүүлүгү үчүн СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указдары менен 31. 10, 1944-жылы гвардиянын сержанты М. К. Герасимов 3-даражадагы, 26. 03. 1945-жылы 2-даражадагы, 15. 05. 1946-жылы 1-даражадагы Даңк ордендери менен сыйланган. 1962-жылга чейин Алма-Ата шаарында (Казакстан Республикасы) жашап, 1965-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарына көчүп келип, №1 шаардык таксилер базасында айдоочу болуп иштеген. Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери ж.б. медалдар менен сыйланган.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.