КЕРГИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРГИЧ – көркөм кол өнөрчүлүктө колдонулуу­чу аспап. Ал саймачылыкта пайдаланылат. Кергич жумуру жыгачтан төрт чарчы же тегерек кы­лып жасалган алкак. Анын бетине сайма са­йылчу кездеме керилет. Чоң кергич бир гана жы­гачтан туруп, кездеменин четтери ага чырашталып бекитилет. Сайма сайылуучу кездеменин керилген бөлүгүнө көчөт түшүргөндөн кийин, че­тиндеги чырашты сөгүп, жылыштырып, кайра жөрмөп бекитип турат.