КЫРГЫЗ КИНОСУ
КЫРГЫЗ КИНОСУ 1917-жылга чейин Кыргызстанда кино ишмердиги болгон эмес. Пишпек шаарында (азыркы Бишкек) гана бир кино установка болгон. 1918-жылдан кино тармактар пайда болуп, республиканын шаарларында кинот еатрлар курула баштаган. Орто Азия элдеринин турмушун чагылдыруу максатында атайын уюштурулган «Восток кино» уюмунун аракети менен Кыргызстан жөнүндөгү алгачкы кино сюжеттер жана тасмалар 1920-жылдардын аягында экранга чыга баштаган. Советтик геогр. кинонун негиздөөчүсү В. Шнайдеровдун сценарийи боюнча «Өлүмдүн этеги» (1928) жана «4500 метр бийиктикте» (1931) саякат тасмалары тартылган. 1930-жылдардан кино өндүрүшү өнүккөн, ага М. Каюмов баштаган өзбек кино ишмерлери чоң көмөк көрсөтүшкөн. 1939-жылы Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Совети (ЭКС) «Фрунзе шаарында кинохрониканын туруктуу кабарчылык пунктун уюштуруу жөнүндө» токтом кабыл алган. 1942-жылы Ташкент корреспонденттер пунктунун базасында Фрунзе кинохроника студиясы уюшулуп, хроникалык жана даректүү тасмалар коюла баштаган. «Советтик Кыргызстан» кино журналынын биринчи номери 1943-жылы чыккан. «Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында» жана «Эң жогорку сыйлык» (1944), «Советтик Кыргызстан» (1947), «Тоодогу плотина» (1955) жана башка маанилүү, кыргыз элинин патриоттуулугун даңазалаган даректүү тасмалар чыгарылган. 1946–1947-жылдары студияда толук метраждуу «Советтик Кыргызстан» даректүү тасмасы тартылган (сценарийи А. Токомбаевдики, режиссёру М. Слуцкий). 1950-жылдардын ортосунда студияда Москвадан, Ленинграддан атайын билим алышкан кино ишмерлер: режиссёр Д. Эрдман, Н. Жданова, М. Слуцкий, М. Варейкис, Т. Океев, Л. Турусбекова, операторлор С. Авлошенко, Г. Николаев, И. Герштейн, А. Кочетков, К. Кыдыралиев, М. Туратбеков, Б. Бурт, В. Барышников, И. Колсанов, А. Барковский; үн операторлору И. Гунгер, Л. Копытев жана башкалар иштей башташкан. 1960-жылдардын башында М. Убукеев, Д. Садырбаев, С. Ишенов, Г. Базаров, К. Өмүркулов, Б. Шамшиев жана башка улуттук кадрлар менен толукталган кыргыз кино документалисттери тасмалардын тематикасын кеңейтишкен. Бул жылдары «Тоолорго үч жооп» (режиссёру И. Герштейн), «Бул менин жерим» (режиссёру М. Визитей), «Күнгө кайрылгандар» (режиссёру А. Видугирис, И. Моргачев), «Тоо