КЕРАТОФИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:23, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРАТОФИ́Р (гр. ktras – мүйүз ж-а порфир) – магма тоо теги. Сиенит-трахит тобуна кирет. Сиениттин эффузивдүү палеотиби. Порфирлүү түзүлүштөн турат. Порфирлүү бөлүкчөлөрүнө альбит, биотит, кээде диопсид кирет. Негизи­нен альбиттин өтө майда микролиттери кезде­шет. Курамына жараша кварцтуу, ортоклаздуу, кварцсыз кератофир болуп бөлүнөт. Кыргызстанда спилит­диабаз формациясын түзүп, Түндүк Теңир-Тоодо (протерозой заманынын акыры м-н кембрийдин башталышы), Түштүк Теңир-Тоодо (силур м-н де­вондун башында) жолугат. Кератофир жанартоо чөкмө­лөрүндө кеңири тараган.