ГЛОТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:56, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛО́ТОВ Николай Тимофеевич [8. 05.1923 (айрым маалыматтарда 01. 01. 1921), СССР, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, Сазановка кыштагы (азыркы Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Ананьево айылы) – 1990-жылдан кийин, Кыргызстан, Кара-Балта шаары] – Даӊк орденинин толук кавалери. Дыйкан үй-бүлөсүнөн.

Н. Т. Глотов.

Советтик Армиянын катарына Ысык-Көл райондук аскер комиссариаты тарабынан 1942-жылы сентябрда чакырылган. Талаа, 2-Украина, 2- жана 3-Белорус, 1-Прибалтика фронтторунда согушкан. 1944-жылы 1-июнда Березина дарыясынан өтүп, душман менен салгылашууда анын отряды душмандын 25 жоокерин, Н. Т. Глотов өзү тогуз фашистти жок кылып жана бешөөнү туткунга алгандыгы үчүн 1944-жылдын 21-июлунда 3-даражадагы Даңк орденин (№ 70251), 1944-жылдын 5-июлунда Раков, 9-июлда Вильнюс шаарын бошотууда анын отряды 40ка жакын фашистти (анын 12си Глотовдун жеке эсебине таандык) жок кылып, душмандын бир офицерин туткунга алгандыгы үчүн 1944-жылдын 20-августунда 2-даражадагы Даңк орденин (№ 5216), 1944-жылдын 30–31-октябрында Динздурбе хутору (Латвиянын Приекуле шаарынын түндүк-чыгышында) үчүн болгон салгылашууда анын взводду душмандын 50дөй солдаты менен офицерин (анын ичинен төртөө Глотовго таандык) жок кылгандыгы үчүн 1945-жылдын 24-мартында 1-даражадагы Даңк орденин (№ 328) алган. Согуштан кийин 1947-жылы демобилизацияланып, мекенине кайткан. Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.