КЫЗЫЛ-ОРДО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:29, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ОРДО (мурда А к - М е ч и т, П е т­р о в с к) – Казакстан Республикасындагы шаар (1938-жылдан). Кызыл-Ордо облусунун административдик борбору. Сыр-Дарыянын оң жээгинде жайгашкан. Калкы 186 миң (2009). Темир жол тоому. Аэропорту бар. Мечиттер (Айтбай, Ак-Мечит), чиркөөлөр (анын ичинде Кудай Эне) жана башкалар сакталган. Тамак-аш (балык, нан, сүт заводдору, эт комбинаты), целлюлоза-кар­тон, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары, бут кийим, тигүү жана трикотаж, эмерек жасоочу фабрикалары, ошондой эле бир нече акционердик коом иштейт. Ки­йинки жылдары шаардын архитектурасы жаңырып, аквапарк, мейманканалар (төрт жылдыздуу отелдер) жана башкалар салынды. Кызыл-Ордону 1817-жылы Кокон хандыгы чеп катары негиздеген. 1925–1929-жылдары Казак Республикасынын борбору болгон. Шаарда 30дан ашык жалпы билим берүүчү мектеп, 5 коллеж, 3 кесиптик-техникалык окуу жайы, университеттер (анын ичинде Кы­зыл-Ордо мамлекеттик), «Сейхун» академиясы, китеп­каналар, архив, драма театры, филармония бар. Шаардын четинде нефть, газ кендери (Түштүк-Ту­гай бассейни) казылып алынат.

Ад.: Кызыл-Ордо облусу//Казакстан улуттук энциклопедиясы, 6-т. Алматы, 2004;