КЫЗАРТ БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:13, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗАРТ БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНҮ – I–V кылымдардагы хунн дооруна таандык мүрзөлөр. Жумгал району­нун Кызарт ашуусунда жайгашкан. 12 дөбө­-мүрзөдөн турат. Беш дөбө-мүрзөнү археолог А. Н. Бернштам изилдеген. Бийиктиги 0,21–0,87 м, диаметри 8–18 м. Үстү топурактан үйүлгөн дөбө түрүндө. Көрүстөндөрдүн ички түзүлүшү чарадан жана маркум коюлуучу казанактан турган. Айрымдары жарма көр түрүндө. Адам сөөгү жалгыздан же экиден коюлган. Баш сөөктөрү сөлпү түзүлүштө болгон. Жыгач жана чопо идиштер, жаа бастырмалары, жибек кездеме калдыктары, жаа жебеси, бычак жана ийик­тин башы табылган. 1990-жылдары байыркы түрк жана Караханиддер дооруна тиешелүү эсте­ликтерди жергиликтүү тарых мугалими А. Абдрахма­нов ачкан. Аларга балбал таштар жана байыркы турак жай калдыктары кирет.