КЕПТӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:07, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕПТӨӨ чылгый териден шири идиштерди жасоо ыкмасы. Тоборсуган чылгый тери жаса­луучу идишке ылайыктап бычылып жана тиги­лип, оозуна тегерек алкак бекитилип, ичине жумшак топурак шыкалат да, сыртынан кол менен чапкылап, тиешелүү түргө (мисалы, көнөктүн түбү жалпак, чоргосунун түбү жоонураак, учун төмөн карай ийилтип, оозу тарыраак жана бөй­рөктүү кылып кептелип, желдеп турган көлө­көгө коюлган) келтирилген. Ал тоборсуган соң, бетине калемдей мукур учталган катуу жыгач (четин, арча, шилби жана башкалар) менен түрдүү оймо-чий­ме түшүрүлүп кооздолгон. Абдан кургатылып, ышталгандан кийин (3–5 сутка) урунууга жа­рактуу болгон.