КЕПТАШ МОЛИБДЕН КЕНЧЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕПТАШ МОЛИБДЕ́Н КЕНЧЕСИ Талас облусунун Бакай-Ата районунда, Кепташ суусунун баш жа­гында, деңиз деңгээлинен 2450 м бийикте. 1934-жыл­дан бери белгилүү. 1982–87-жылдарда изилденип баа­ланган. Кенче интрузиянын үстүндөгү рифейде­ги акиташ, алевролит, кумдук катмарларында­гы жаракаларга жакын жайгашкан. Вольфрам­молибдендүү кенче кварц-мусковит-флюорит грейзендери м-н гранат-амфибол-пироксен скарн­дарына топтолгон. Кенташтуу участкалардын узундугу 10–200 м, калыңдыгы 0,1 мден 15–20 мге жетет. Негизги минералдары: шеелит, молиб­денит, пирит. Молибдендин орточо өлчөмү 0,17%. Кенташтын болжолдуу ресурсу 5405,6 миң т, молибдендики 9189 т.