КХАСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КХА́СИ – Түндүк-Чыгыш Индияда (Мегхалая, Ассам штаттары) жана Бангладештин коңшу ай­мактарында жашаган эл. Негизинен Кхаси жана Жайнтия тоолорунда жашайт. Саны Индияда 1,3 млн, анын ичинде Бангладеште 80 миң, Мегхалая штатында 1,25 млн киши (2009). Кхаси өз алдынча пнар же синтенг, бхои, вар, лингнам жана башка топ­торго бөлүнөт. Кхаси тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин көбү протестанттар, башка дин туткандары да бар. Кхасиде уруу топтору аял жагынан болгон туугандыкка негизделип түзүлгөн,

Салттуу кийимчен кхаси аялдары.

байыркы уруу коомунун саркындылары сакталып калган. Үй-бүлөдө аялдар үстөмдүк кылат. Үй мүлкү кичүү кызына мурасталат. Кхасилер дыйканчылык, тоо аймактарында канаттууларды багуучулук жана балчылык менен кесиптенишип, дубалы бамбуктан тургузулуп, ылай менен шыбалган, үстү саман менен жабылган үйлөрдө жашаган. Аялдар тигилбеген юбка жана күрмө же жамынма жамынып, башына металл таажы киет. Аялдар да, эркектер да кооздуктарды та­гынышат. Эркектер көйнөк, күрмө жана ыштан кийип, башына селде оронушат. Тамак-ашы не­гизинен күрүч, эт, балык. Суусундук катары чай жана күрүчтөн даярдалган пивону кеңири колдонушат.