КЕПЛЕР ЗАКОНДОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́ПЛЕР ЗАКОНДОРУпланеталардын кый­мылынын үч закону. Аларды И. Кеплер ачкан. Б и р и н ч и з а к о н – бардык планета эллипс боюнча кыймылдайт, анын бир фокусунда Күн жайгашкан. Э к и н ч и з а к о н – ар бир планета Күндүн борбору аркылуу өтүүчү тегиз­дикте кыймылдайт, бирок планетанын радиус­вектору сызган орбита секторунун аянты убакытка пропорциялаш өзгөрөт. Демек, планета Күнгө канчалык жакын болсо, ылдамдыгы ошончо чоң. Перигелийде планетанын сызык­туу ылдамдыгы өтө чоң, афелийде өтө кичине, башкача айтканда планетанын эллипс боюнча кыймылынын ылдамдыгы сан жагынан өзгөрөт (к. сүрөт).
Ү ч ү н ч ү з а к о н – планеталардын Күндү


айлануу убакытта­рынын квадраттары алардын Күнгө че­йинки орточо аралык­тарынын кубдарын­дай катышат ж-а төмөнкүчө жазылат: 2 3 1 2 2 2 2 3 1 1 , мында Т , Т – ???????? планеталардын айла-

нуу мезгили; а1, а2 – орбиталарынын чоң жа­рым октору. Кеплер закондору планеталардын Күнгө чейинки орточо аралыгын жылдыздык мезгил (синодика­лык мезгил) м-н байланыштырат ж-а планета­лардын Күнгө карата салыштырмалуу аралы­гын түзүү мүмкүнчүлүгүн берет, башкача айтканда бардык пла­неталар чоң жарым огун Жер орбитасынын чоң жарым огунун бирдиги м-н туюнтууга жардам берет. Кеплер закондору Ньютондун тартылуу закондорунун негизинде түшүндүрүлөт.