КЕПЛЕР
КЕ́ПЛЕР Иоганн (27. 12. 1571, Вюртемберг – 15. 11. 1630, Вейльдер-Штадт, Бавария, Регенсбург) –

немис астроному ж-а математиги. Жаңы мезгилдин астрономиясын жаратуучулардын бири. Протестант мектебин бүткөндөн кийин, Тюбинген академиясынын диний семинариясын (1589), академияны (1591– 93) бүтүргөн. Грац шаарындагы (Австрия) гимназияда математика мугалими болуп иштеген. 1596-жылы «Аалам сырлары» деген биринчи эмгегин жазган. Н. Коперниктин ишин улантуучу катары, чиркөө кызматкерлеринин куугунтугу аны Грац шаарынан кетүүгө аргасыз кылган. Кеплер 1600-жылы Прагада атактуу астроном Т. Браге м-н иштеген, ал өлгөндөн кийин (1601) анын көп жылдык өтө так байкоолорунун материалдарын алган. Ал Прагада «Виттелого толуктоо» (1604), «Диоптрика» (1611), «Жаңы астрономия» (1609) деген эмгектерин жарыялаган. Кеплер Планеталардын кыймыл законун ачкан. Анын биринчи эки закону «Жаңы астрономияда», 3-закону «Дүйнөнүн гармониясы» (1619) деген эмгегинде жазылган (к. Кеплер закондору). Ал түзгөн «Рудольф таблицасы» м-н ар кандай учур үчүн планетанын абалы аныкталган. Бул таблицанын негизинде эсептелген эфемериддер Чолпон, Күн диски боюнча өтө турганын (1631) алдын ала айтууга мүмкүндүк берген.
Ад.: Еремеева А. И. Выдающиеся астрономы мира. М., 1966; Белый Ю. А. И. Кеплер. М., 1971.