КЕНТАШ ЭМЕС КЕНДЕР
КЕНТАШ ЭМЕС КЕНДЕР – курулуш ишинде, өнөр жайдын кээ бир тармактарында кеңири пайдаланылуучу кендер. Табигый түрдө же механикалык, термиялык, химиялык жол м-н кайрадан иштелип чыккан материалдар (минералдар, тоо тектери). Буга химиялык сырьёлор (жер семирткичтер, туздар, күкүрт ж. б.), металлургиялык сырьёлор (чопо, доломит, магнезит, башкача айтканда отко чыдамдуу минералдар, акташ, флюорит, кварцит), курулуш материалдары (курулушта кеңири колдонулуучу тоо тектер: гранит, мрамор, туф, кумдук ж. б.), карапа, айнек, калып жасоочу материалдар, минералдык боёктор, бириктирип камдаштыруучу заттар, жылуулук м-н үндү өткөрбөөчү тектер, асыл таштар ж. б. кирет.