КЕНТАШ ЧЫГАРУУ
КЕНТАШ ЧЫГАРУУ – жарылма заттардын жардамы м-н жардырылган, камеранын ичиндеги талкаланган кенташты сыртка чыгаруу. Ар кандай чоңдуктагы кесек талкаланган бөлүкчөлөр атайын чубуртуп ташуучу түзүлүш м-н жер бетине жеткирилет. Өзү түшүрүүчү машинага, конвейерге да чубуртуп жүктөөчү түзүлүш колдонулат. Кенташтын кесектиги, нымдуулугу, аларды түзүүчү минералдардын физикалык касиеттери, кенташты сыртка чыгаруучу түзүлүштүн жазылыгы, өлчөмдөрү эмгек өндүрүмдүүлүгүндө чоң роль ойнойт.