«КЫЗ ЖИБЕК»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:20, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫЗ ЖИБЕК» – казак элинин лирика-эпикалык поэмасы. Эпостун азыркы варианты 1905-, 1909-, 1911-ж. Казанда Хусаиновдордун басмасынан чыккан. 1925-ж. аны фольклор жыйноочу А. Диваев Ташкенттен басып чыгар­ган. Кийин Кызыл-Ордодо (1933), Алматыда (1939) жарык көргөн. Кыз Жибек окуясы 17-к-га, б. а. калмак дооруна мүнөздүү. Эпостун баш каарманы Төлөгөн атасы кудалаган кызга үйлөнгүсү келбей, кербенчилерден Кыз Жибектин кабарын угуп, издеп чыгат. Анын алдында атасынын каршылыгы (терс батасы), алыс жол, жалгыздык, Бекежандын душмандыгы сыяктуу кыйынчылыктар турган. Ал ушул тоскоолдуктардын бардыгын жеңип, кыздын сүйүүсүнө арзыйт. Бирок кийин Бекежан колдуу мерт болот. Поэманын экинчи бөлүгү – Төлөгөндүн иниси Сансызбай тууралуу. Ал агасынын керээзибоюнча Жибекти таап, ага үйлөнүүгө макул болот, бирок Кыз Жибекти зордук м-н алганы жаткан калмак баатыры Корен м-н согушууга туура келет. Жекеме-жеке беттешүүдө аны жеңип, калмактарды багындырып, Жибекти алып кетет.