ЖУМАБАЕВ Ташмамат
ЖУМАБАЕВ Ташмамат [24. 08. 1924, СССР, РСФСР, Түркстан АССРи, Фергана облусу, Ош уезди, Ош шаары – 09. 01. 1995, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ош шаары) – Советтер Союзунун Баатыры (1943). Харьков артиллериялык окуу жайын (1945), Ташкент жалпы аскердик окуу жайын (1964) бүткөн. 1942-жылы ок-

тябрдан Советтик Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта 685- аткычтар полкунда (193-аткычтар дивизиясы, 65-армия, Борбордук фронт) бөлүмдүн командири болуп кызмат өтөгөн. Днепр дарыясынан өтүүдө жана анын батыш жээгиндеги плацдармды ээлөөдө көрсөткөн эрдиги үчүн СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1943-жылдын 30-октябрындагы жарлыгы менен сержант Т. Жумабаевге Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наам ыйгарылып, Алтын Жылдыз медалы (№ 1643) тапшырылган. Согуштан кийин Кыргызстандагы райондук аскер комиссариаттарында жетекчилик кызматтарда иштеген. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Ташмамат – Днепрдин баатыры // Санников В., Семенков В. Родинанын даңкы үчүн. Ф., 1970; Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.