ЖУМАБАЕВ Ташмамат

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:41, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАБАЕВ Ташмамат [24. 08. 1924, СССР, РСФСР, Түркстан АССРи, Фергана облусу, Ош уезди, Ош шаары – 09. 01. 1995, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ош шаары) – Советтер Союзунун Баатыры (1943). Харьков артилле­риялык окуу жайын (1945), Ташкент жалпы ас­кердик окуу жайын (1964) бүткөн. 1942-жылы ок-

тябрдан Советтик Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта 685- аткычтар полкунда (193-ат­кычтар дивизиясы, 65-ар­мия, Борбордук фронт) бөлүмдүн командири болуп кызмат өтөйт. Ал Днепрден өтүүдө ж-а анын батыш жээгинде­ги плацдармды ээлөөдө зор эрдик көрсөткөн. Согуштан кийин Кыргызстандагы райондук аскер комиссариаттарында жетекчилик кыз­маттарда иштеген. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Ад.: Ташмамат – Днепрдин баатыры // Санников В., Семенков В. Родинанын даңкы үчүн. Ф., 1970.