ЖАРКЫМБАЕВ Казак
ЖАРКЫМБАЕВ Казак [10. 11. 1911, Россия империясы, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди (азыркы Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району), Таштак кыштагы – 10. 07. 1969, СССР, Кыргыз ССРи, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Кароол-Дөбө кыштагы)

– Советтер Союзунун Баатыры (1945). 1941-жылдын июлунан Кызыл Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта 287-гвардиялык аткычтар полкунун (95-гвардиялык аткычтар дивизиясы, 5-гвардиялык армия, 2-Украин фронту) мээлегичи, гвардиянын кенже сержанты. 2-Украин фронтунда согушуп, Молдавиядагы Дубоссары кыштагын бошотууда ж-а Днестр дарыясынан өтүүдө өзгөчө эрдик көрсөткөн. Ал дарыянын батыш жээгине өтүп, душмандын контр чабуулунун мизин кайтарып, 2 станоктуу пулемётту, гитлерчилердин 2ден ашык взводун жок кылган. Плацдармды коргоп калышкан. Согуштан кийин айылына келип, өмүрүнүн акырына чейин өз колхозунда эмгектенген. Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Ысмы өзү туулуп-өскөн кыштакка, мектепке, көчөгө ыйгарылган.