КОЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:13, 21 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛИ́Т – жоон ичегинин сезгениши. Ичеги-ка­рын жолунун көп кезигүүчү оорусу. Колттин пай­да болушуна инфекция, тамактануунун бузулу­шу, уулануу себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле уре­миялык ууланууда, карын м-н ичке ичегиде тамак сиңирүү начарлаганда (гастрит, панкре­атит, гастроэнтерит), кээ бир антибиотик­ти, ич алдырма дарыны өз алдынча узакка кол­донгондо болот. Колиттин себебине ж-а оордугуна жараша жоон ичегинин үстүнкү бети сезгенүүдөн некроздуу жарага чейин жабыркайт. Колит катуу кармаган ж-а өнөкөт болуп айырмаланат. Иче­ги инфекциядан же уулануудан жабыркаганда катуу кармаган колит пайда болот (к. Дизентерия, Уулануу). Анда оорулуунун алы кетип, тамак­ка табити тартпай, ичи толгоп ооруп, ичи өтөт. Эгерде колит инфекциядан болсо, дене ысыйт. Ка­туу кармаган колит- ти туура эмес же чала дарыла­ганда өнөкөт түрүнө өтүп кетиши мүмкүн.
Өнөкөтколит кээде инфекциясыз эле пайда болот. Ага туура эмес тамактануу, чала чайноо, спирт ичимдиктерин көп ичүү себеп болот. Мында иче­гинин кыймылы (перистальтикасы) начарлайт, ичеги зили ж-а былжыры начар бөлүнөт, жоон ичегиден суюктукту соруу процесси өзгөрүлөт. Колиттин белгилери оордугуна, жайылышына ж-а стадиясына жараша ар түрдүү болот. Ал карма­ган учурда тамакка табити тартпай, жүрөгү айланып, алы кетет. Заңдаарда же андан ки­йин ич ооруйт. Күнүнө 3–4 жолу ич өтүп, кайра катып, көөп, курулдашы мүмкүн, ириң же кан аралаш заңдайт. Колиттин өнөкөт түрү бирде жакшы болуп, кайра кармап турат. Жоон иче­гини дүүлүктүрүүчү ж-а аллергиялык реакция чакыруучу тамак-аш ичүү, өтө чарчоо, тамак сиңирүүчү башка органдардын ишинин бузулу­шу колитти күчөтөт. Колитти алдын алууда катуу кар­маган ичеги ооруларын өз убагында туура да­рылоо, тамактануу тартибин сактоо өтө маа­нилүү.