КОЛГО ҮЙРӨТҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:24, 21 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛГО ҮЙРӨТҮҮ, д о м е с т и к а ц и я (лат. domesticus – үйдүн, үйдүкү) – адамдын чарба­лык муктаждыгын канааттандыруу максатын­да жапайы жаныбарларды бакмалаштыруу.
Колго үйротуу 10–15 миң жылдай илгери, мезолит, нео­лит доорунда башталып, мал чарбасынын пай­да болушуна себеп болгон. Колго үйротуунүн башталуу мезгилин тактоо мүмкүн эмес, себеби алгачкы колго үйрөтүлгөн жаныбарлардын казылып алынган скелеттеринде анчалык өзгөрүү болгон эмес. Кеч палеолит доорунун гана жаныбарла­рынын сөөктөрүнүн түзүлүшүндө өзгөрүүлөр пай­да боло баштаганы белгилүү. Жаныбарлардын көптөгөн түрлөрүнүн бир аз бөлүгү гана колго үйрөтүлгөн. Омурткалуу жаныбарлардын сүт эмүүчүлөр классынан бодо мал (зебу, топоз, бан­тенг, жаныш, уй ж. б.), түндук бугусу, төө, жыл­кы, эшек, кой, чочко, ит, мышык, коён ж. б.; куштардан тоок, өрдөк, каз, көгүчкөн ж. б.; ба­лыктар классынан каңылтыр, алтын сары та­ман балык ж. б. бакмалаштырылган. Омурт­касыздардан муунак буттуулар тибиндеги курт­кумурскалар классына кирген бал аарысы м-н тыт ж-а эмен жибек көпөлөктөрү колдо багы­лат. Ошентип, койдун түпкү теги Борбордук Азия­дагы жапайы койлор, эчкиники безоар эчкиси, уйдуку тур, жылкыныкы турпан ж-а пржеваль­ский жылкысы, тооктуку жапайы банкив тоо­гу болуп эсептелет. Колго үйротуунүн айыл чарбасында мааниси чоң.