КҮPП
ҮPП – тоок сымалдуулар түркүмүнүн кыргоолдор тукумундагы куш. Жапайы ж-а бакма түрлөрү бар. Жапайысы АКШ ж-а Мексикада кездешет. Тулкусу чоң, буту узун, денеси чымыр. Башы, моюну түксүз, алкым териси салбырап турат. Ургаачысы 10–15 жумуртка тууйт.

Корозунун салмагы 8 кгга жетет. Бакма К. жапайы түрүнөн чоң ж-а эттүү, салмагы 7–9 кг (боз К-түкү 20 кгга жетет). Эти – мүнөз азык, абдан
жегиликтүү. Бордолгон К-түн этинде 55,5% суу, 44,5% кургак заттар (а. и. 21% белок, май 30%)
бар. 310–340 күндүгүндө жумуртка тууй баштайт. Бир К. жылына 90дой (мыктылары 150гө чейин) жумуртка тууйт. 30–40 жөжө чыгарат.
К. шалбаа ж-а аңызда жакшы оттойт. К. багуучу ири чарбаларда жыл бою эт, күз, кышта жумуртка алынат. К. 3 жашка чейин союлат. Жумуртка инкубациялоо мөөнөтү – 28 күн. К. дээрлик бардык өлкөлөрдө багылат. Heгизги жугуштуу ылаңдары: пастереллёз, энтергепатит, спирохетоз, кокцидиоз, орнитоз ж. б.