КЫРГЫЗ КИНОСУ
КЫРГЫЗ КИНОСУ 1917-ж. чейин Кырг-нда кино ишмердиги болгон эмес. Пишпек ш-нда (азыркы Бишкек) гана бир киноустановка болгон. 1918-жылдан кино тармактар пайда болуп, респ-канын шаарларында кинотеатрлар курула баштаган. О. Азия элдеринин турмушун чагылдыруу максатында атайын уюштурулган «Восток кино» уюмунун аракети м-н Кырг-н ж-дөгү алгачкы кино сюжеттер ж-а фильмдер 20-жылдардын аягында экранга чыга баштаган. Советтик геогр. кинонун негиздөөчүсү В. Шнайдеровдун сценарийи б-ча «Өлүмдүн этеги» (1928) ж-а «4500 метр бийиктикте» (1931) саякат фильмдери тартылган. 1930-жылдардан кино өндүрүшү өнүккөн, ага М. Каюмов баштаган өзбек кино ишмерлери чоң көмөк көрсөтүшкөн. 1939-ж. Кыргыз ССР ЭКС «Фрунзе ш-нда кинохрониканын туруктуу кабарчылык пунктун уюштуруу жөнүндө» токтом кабыл алган. 1942-ж. Ташкент корреспонденттер пунктунун базасында Фрунзе кинохроника студиясы уюшулуп, хроникалык ж-а документ фильмдер коюла баштаган. «Советтик Кыргызстан» киножурналынын биринчи номери 1943-ж. чыккан. «Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында» ж-а «Эң жогорку сыйлык» (1944), «Советтик Кыргызстан» (1947), «Тоодогу плотина» (1955) ж. б. маанилүү, кыргыз элинин патриоттуулугун даңазалаган даректүү фильмдер чыгарылган. 1946–47-ж. студияда толук метраждуу «Советтик Кыргызстан» даректүү фильми тартылган (сценарийи А. Токомбаевдики, реж. М. Слуцкий). 1950- жылдардын ортосунда студияда Москвадан, Ленинграддан атайын билим алышкан кино ишмерлер: реж. Д. Эрдман, Н. Жданова, М. Слуцкий, М. Варейкис, Т. Океев, Л. Турусбекова, операторлор С. Авлошенко, Г. Николаев, И. Герштейн, А. Кочетков, К. Кыдыралиев, М. Туратбеков, Б. Бурт, В. Барышников, И. Колсанов, А. Барковский; үн операторлору И. Гунгер, Л. Копытев ж. б. иштей башташкан. 1960-жылдардын башында М. Убукеев, Д. Садырбаев, С. Ишенов, Г. Базаров, К. Өмүркулов, Б. Шамшиев ж. б. улуттук кадрлар м-н толукталган кыргыз кино документалисттери фильмдердин тематикасын кеңейтишкен. Бул жылдары «Тоолорго үч жооп» (реж. И. Герштейн), «Бул менин жерим» (реж. М. Визитей), «Күнгө кайрылгандар» (реж. А. Видугирис, И. Моргачев), «Тоо