КЫРГЫЗ ИРРИГАЦИЯ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ ИРРИГАЦИЯ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ , КРдин Айыл чарба министрлигинин алдында. Ин-т 1953-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалынын курамында уюшулган. 1973-ж. Бүткүл союздук мелиорация системасын комп­лекстүү автоматташтыруу ИИИ болуп түзүлгөн. 1992-ж. азыркы аты м-н аталып, 2002-жылдан Агр. илим ж-а консультациялык кызмат бор­борунун карамагына өткөрүлгөн, 2008-жылдан кайрадан министрликтин карамагында. Негиз­ги ил. багыты – КРдин аймагындагы тажрыйба жерлердин негизинде туздуу жерлерди мели­орациялоо, мониторинг жүргүзүү ж-а маалымат базасын түзүү; мелиорациялык гидрогеология, суу чарба маселелерин ж-а гидрогеол. процесс­терди моделдештирүү; сугат ж-а суу м-н камсыз кылуу маселелеринин ил. негиздерин иштеп чы­гуу; такыр ж-а нымдуу жерлердин чөлгө айлануусу м-н күрөшүү; дарыялар ж-а каналдарда­гы суунун сапатына мониторинг жүргүзүү. Ин-т респ-нын аймагындагы шор жерлерге мониторинг жүргүзүп, а. ч. өсүмдүктөрүн сугаруунун жакшыртылган технологиясын сунуштаган; электр суу насосторун ж-а суу кудуктарын пайдалануу механизми ойлонуп табылган; сууну рационалдуу пайдалануу б-ча автоматташты­рылган система иштелип чыккан ж. б. Ин-ттун курамында мелиорация ж-а жер сугаруу багы­тында 5 лабор., суу чарбасын техника ж-а маа­лымат каражаттары м-н камсыз кылуу багы­тында 3 лабор. бар. Ин-тта 52 кызматкер, а. и. 15 илимд. кандидаты иштейт. Ин-ттун алгачкы директору Б. М. Мамбетов (1953–54), 1992-жылдан К. М. Кулов.