КЫРГЫЗДЫН ЧЕН БИРДИКТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗДЫН ЧЕН БИРДИКТЕРИ – кыргыздар байыртадан колдонуп келген аралык, салмак, көлөм, аянт, убакыт ж. б. сыяктуу өлчөмдөр. Жашоо шартка байланыштуу көчмөнчүлүк тур­мушта өтө тактык талап кылынган эмес, ошент­се да жаратылыштын кубулушуна (күн, ай, жылдыз), жер-суунун өзгөчөлүгү, маданий турмушка ылайык чен бирдиктер колдонулуп келген. 1918-ж. азыркы чен бирдиктерге өтүү ж-дө чечим кабыл алынып, 1927-ж. эски чен бирдиктеринин айрымдары колдонуудан калган. Бирок көптөгөн эски чен бирдиктер азыркыга чейин эл ичинде колдонулуп келет. У з у н д у к (аралык) бирдиктерине: чакырым (кыйкырганда адам үнү жеткидей аралык чакыр дегенден, болжолу 1 км), кой көчтүк (көчкөндө койду жайып, айдап жүрүп түнөгөн аралык, болжолу 6–8 км), конолго (ат жүрүшү м-н конуп өтө турган аралык, болжолу 50–60 км), фарсант (ар. 8 чакырым же 8–9 км), кез, гез, газ (71–105 см, бир колдун учунан экинчи колдун колтугуна чейинки аралык), сере (5–6 см, 4 манжанын салааларын анча бириктирбей, ачыгыраак коюп өлчөгөндөгү жазылык), бута атым (жебенин учу-аралыгы, болжолу 50 кадам, 40–45 м), зар (28 см), кары (болжолу 1 м, көкүрөктүн ортосунан сунулган колдун манжасынын учуна чейинки аралык), мил (болжолу 2 км), кулач (эки колду кергендеги колдордун учтарынын орто­сундагы аралык), кере кулач (өтө кере сунулган кулач), төш жары (кулачтын жарымы, кары м-н бирдей), эли (1 манжанын эни), укум (бармактын учунан сөөмөйдүн бүгүлгөн учуна че­йинки аралык), сөөм (сөөмөй м-н бармакты жазып жибергендеги аралык), карыш (бармак м-н ортонду кергендеги аралык), кере карыш (өтө кере созулган карыш), мерген карыш (сөөм м-н бирдей), бычак мизиндей (өтө жука), бычак сырты (жука, калыңдыгы бычактын сыртынчалык, аз эле, бир аз), таман (төрт эли), ат ча­бым (болжолу 25–30 км), тай чабым (болжолу 3 км), кунан чабым (болжолу 5–7 км), кадам (арыш, адымдын уз.), тапан (тамандын узунду­гундай аралык), аттам (кадамдан бир аз узун аралык), арыш (кадам, адым, арымдын уз.), тизе бою (жерден тизеге чейинки аралык), ат кесерден (аттын омуроосуна чейинки аралык), тушар­дан (аттын бутунун тушамыш салынуучу жеринен чачыгынын үстүнө чейинки аралык), ке реге бою (боз үйдүн керегесинин боюнчалык ара­лык), киши бою (кишинин боюндай аралык), укурук бою (укуруктун узундугунчалык аралык), аркан бою (аркандын узундугунчалык аралык), муун (колдун бир муунундай), муунга ченеп өлчөө (колдун манжасынын муунуна ченөө), бакса (сокмо дубалдын катмарларынча аралык), тутам (тутамдап кармаганда муштумдун бийиктигине барабар узундук, төрт эли) ж. б.; с а л м а к (оордук, сыйымдуулук) бир­диктерине: бут, пуд (16,38 кг), батман (4,095 кг, Таласта 12 пудга, Ош, Жалал-Абад, Алайда 8–10 пудга барабар оордук чени), жың (560 г), чексе, чакса (5–6 кг), мыскал (4,30 г же жүз даана арпа даны 1 мыскал), сер, зер (0,10 г), чейрек; дирхем (3–3,5 гга, барабар күмүш акча), арпа (0,05 г), пайса (25,6 г), челек (12,5 л), кап (9–10 пуд), токту кап (3 пуд), кой кап (6 пуд), тор­пок кап (7 пуд), тай кап (9–10 пуд), аш кашык, чай кашык, чөмүч ж. б., к ө л ө м бирдиктерине: чымчым (бир чымчым кармоого келген өлчөм, эң эле аз, кичинекей), ууч (колдун манжа­ларынын алаканды көздөй ийип бүрүштүргөндөгү ичинде туура келген өлчөм), кочуш, кош ууч (эки колду бири бирине тийиштирип туруп, манжаларын ичин көздөй ийгендеги ичине туура келген өлчөм), чымчып буума (өтө толтура), капорто (ортосунан, белинен), кесим (кесилген бир бөлүк), бир кулак суу, ныпым, көлөмдүн салыштырылган болжолдуу өлчөмдөрү (кичи­некей, тырнактай, тырмактын агындай, кене­дей, кыпындай, бармактай, чыпалактай, баш­тык, тулуп, кап, этек, ороо, табак, челек, таруу дай, буурчактай, буудайдай, койдун корголундай ж. б.); а я н т бирдиктерине: теше (1,09 га), танап (1/8га, бир жагы 60 кез болгон чарчы аянт, болжолу 1820 м2 ), батман (2 теше), бар­мак басым, алакандай, үй ордундай; к у р ч а м бирдиктерине: тутам (колдун бармагы бир жа­гына, калган 4 манжасы экинчи жактан име­рилип келип кармаганда, алардын ичине тол­тура кымтый кармалган нерсенин өлчөмү), кучак (эки колдоп кучактаганда ичине камтыл­ган нерсе), билектей, сандай, өгүздүн белиндей, кылдай; у б а к ы т бирдиктерине: доор, кы­лым (100 жыл), жыл (12 ай же 365 күн), мурдагы жылы, былтыр, быйыл, эмдиги (келерки) жылы, ай (30 күн), ай жаңырганда, ай толгон­до, жума, апта (7 күн), күн, мурдагы күнү, ке­чээ, бүгүн, эртең, бүрсүгүнү, андан аркы күнү, заматта, көз ирмем (көз ачып жумгуча, бир пас­та, тез арада), чай кайнам, сүт бышым (15–25 мүнөт), эт бышым (2–3 с), күн бою, чак түш кез (учур, мезгил), чейрек, бүлбүл, таң куланөөк, таң супа салганда, таң ата, үрүл-бүрүл, таңкы наар, таң азанда, күн кылтыйганда, күн чык­канда, күн көтөрүлгөндө, күн текши чыкканда, күн тийгенде, шашке, улуу шашке, чоң шашке, жалган түш, түшкө жакын, чак түш, түш ооган­да, бешим, эрте бешим, ала көлөкө, кеч бешим, дигер, намаз дигер, күүгүм, күүгүм талаш, күн батарда, күн батып баратканда, намаз шам, ак шам, иңир, кеч күүгүм (беймаал), каш карай­ганда, куптан, эл орунга отурганда, жатар, эл текши уктаганда, түн ортосу, түн ортосу оогондо, түн каракчы, таң каракчы, таңга жуук, таңга маал, саар, апак-шапак, эрте, кеч, эртели-кеч, күн сайын, күн бою, таң атпай, кеч курун, караңгыда, күндүз, маал, жыл ичинде, жыл бою, кемпир шабдаалы жегиче саноо, с а н бирдиктерине: түмөн, азар-түмөн (он миң, өтө көп, жер жайнаган, миң сан), сансыз (эсеп жеткис, сан (кайсы бир өлчөмдүн 1/ бөлүгү) кадак (409,5 г), жеткис, көп), эсепсиз (өтө эле көп, болжолсуз, ченемсиз), же жайнаган (өтө көп), илек (жүз миң), сан (он миң, өтө көп), басым (упайда үч чүкө), бирдин үчү (ордодо беш чүкө), камчыга ченеп бөлүү (жасаганына, эмгегине жараша бөлүү), батман (көп деген мааниде), чейрек, үлүш (бир нерсенин бөлүгү), мындан сырткары «бир» деген сөз кыйла, топ, далай, канча, нече, катар деген сөздөр м-н кошо айтылганда көптүктү, арбындыкты билдирет; а к ч а бирдигине: сом, тыйын, мүрү (5 тыйын) ж. б. кирет. Ы. Кадыров.