КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ
КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ – элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Кыргыз кийими ж-а анын улуттук өзгөчөлүктөрү тарыхый узак мезгилде табигый жагдайлардын, көчмөн мал чарбанын ж-а ага байланган жашоо ыңгайынын өзгөчө шартында калыптанган. Кыргыздардын уруу-урук топторунун көчүп-конуусу, соода байланыштары, о. эле бөтөн элдер м-н узак убакытка чейин коңшулаш жашашы кийимдин өнүгүшүнө таасир тийгизген. Байыркы кыргыздардын кийимдери ж-дө алгачкы маалыматтар Тан династиясынын дооруна таандык кытай булактарында кездешет.
«Тан-Шунун» династиялык жазмалары ж-а 18–19-к-дагы тарыхый маалыматтар б-ча кыргыз төбөлдөрү кышкысын кундуз тебетей, жайкысын алтын алкагы бар, шоңшогой төбөлүү ж-а жээги кайрылган кийиз калпак, парча, жибек, баркыт, манат, кымкап ж-а ноотудан тигилген
сырт кийим, бутуна кызыл жеке өтүк кийип, белдерине жибек жоолук курчанган. Кедейлер кылчык жүндөн токулган кездемеден, жаргактан, таардан, арзан матадан тигилген кийимдерди кийип, белдерин боз кендир жоолук м-н курчанышкан. Калпактары шөкөттөлбөгөн, буттарына соору өтүк кийишкен. Кыргыздар Кавказ, Түш. Сибирь, Алтай, О. Азия, Казакстан ж. б. аймактардагы элдер м-н мамилелеш болсо да, К. у. к. айкын этностук бөтөнчөлүккө ээ болгон. К. у. к-нин материалдык негизин тери, жүн, тыбыт ж-а сатып алынган түрдүү кездемелер түзгөн. Айбанат терилеринен жылуу кийимдерди (ичик, тон, тебетей, тумак), кайберен терилеринен жортуулга кийилүүчү кийимдерди (кандагай, жаргак шым, чалбар ж. б.) тигишкен. Аялдар согуу жолу м-н (өрмөктө) бышык кездемелерди токушкан, ал эми өсүмдүктүн буласынан токулган кездемелерди коңшу элдерден сатып алып же алмашып турушкан. 19-кдын 2-жарымында кийимдерди (бешмант, кемселдердин өңүрү, кеп такыялардын жаактары, белдемчи ж. б.) сайма м-н кооздошкон.
К. у. к. негизинен жынысына (аялдыкы, эркектики), жаш курагына (наристелердики, балдардыкы, кыздыкы, уулдуку) ж-а арналышы б-ча майрамдык, үйдө, үйлөнүү тоюнда, аза күтүүдө, аңчылык кийимдерине, жыл маалына (кышкы, жайкы) жараша бөлүнгөн. Аялдын кийимдери узун ж-а кенен тигилген көйнөктөрдөн (к. Көйнөк), багалектери көйнөктүн этегинен көрүнгөндөй кызыл ашыкка чейин узун тигилип, бели ычкыр м-н байланган ыштан-дамбалдардан (түш. тарапта дамбалдын багалеги бүйүрүлүп, оймо түшүрүлгөн жээк м-н бастырылган), белден ылдый кийчү белдемчиден (к. Белдемчи) турган. 20-к-дын 1-жарымында аялдардын сырткы кийимдери чапан болгон. Ал эркектердин чапанына окшош бычылып тигилген,



боору ачык, жакасы кайырмалуу келген. Келин-кыздардын, балдардын чапандары жарым ы жибек, жарымы жүн аралаш жалтырак к ездемелерден жасалган. 19-к-дын 2-жарымында денеге кыналып тигилген бешмант, кемсел (жеңсиз), чыптама, пальто сымал чапан өңдөнгөн К. у. к. көбүрөөк колдонула баштаган. Кыздар үкүлүү топу ж-а тебетей, кош этек
көйнөк, кемсел, өкчөлүү өтүк кийип, кооздуктарды (чачына аркалык, көкүрөгүнө ала тамак, төөнөгүч, моюнуна мончок, шуру) тагынышкан. Аялдардын баш кийимдери (шөкүлө, элечек, кеп такыя же чач кеп, жибек ж-а дүрүя жоолук ж. б.) жаш өзгөчөлүктөрүнө ж-а социалдык абалына карата ар кандай кооздуктар, оймо-чиймелер (кеште, сайма) м-н көркөмдөлгөн. Кыргыз аялдары колдо ултарылган же булгаары өтүк, улгайып калгандары маасы, такалуу тигилген кепич кийишкен. Аялдардын кийим-кечесинин маанилүү бөлүктөрүнүн бири – кооздуктар (чач учтук, чолпу, сөйкө-желбирөөч, сырга, шакек, билерик, бой тумар, төөнөч ж. б.) болгон. Кооздуктарды аялдар дайыма тагынып жүрүшкөндүктөн, кийимдин ажырагыс бүтүндүгүн түзгөн. Эркектердин кийимдери негизинен көйнөк (жегде), ычкырлуу шалбар (жайкысын дамбал), чалбар, кандагай шым, чепкен, тон, ичик, чапан, кементай, кулун тон, бешмант, кемсел, тебетей, телпек (түш. тарапта), ак калпак, малакай, тумак, топу, өтүк, маасы, кепич, чокой, чарык, кур ж. б. кошумча жасалгалардан турган. Кыргыз элинин адаты б-ча айып тартууда, о. эле кийит кийгизүүдө, тартуу кылууда кийим-кечектер өзгөчө орунду ээлеген. Кыргыздарда кийим-кечеге кастарлоо м-н мамиле кылышат. Турмуштан көзү өткөн атаэненин, бабалардын айрым кийимдери ыйык туткан эстелик катары балдарына, неберелерине берилген. Кыргыздардын салттуу турмушунда кийимге карата бир катар эрежелер (кийимди жерге таштоого, баш кийимге отурууга, аны ыргытууга, баштан чечип, белекке берүүгө ж-а сырткы кийимди желбегей жамынууга жаштарга жол берилген эмес ж. б.) сакталган. 20-к-дын 20-жылдарынан кийин кийим тигүүнүн жаңы технологиялары өздөштүрүлүп, европ. форма м-н улуттук элементтердин айкалышынан К. у. к-нде чоң өзгөрүүлөр болду. Учурда кыргыз элинин салттуу заманбап кийимдеринин түрлөрү көбөйүүдө.
А. Көчкүнов.