КЫРГЫЗ ДИАЛЕКТОЛОГИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ ДИАЛЕКТОЛОГИЯСЫ – кыргыз диалектилерин, говорлорун изилдөөчү илим. Диалектология илими диалектилердин, говорлордун тыбыштык системасындагы, грамматика­лык түзүлүшүндөгү, сөздүк курамындагы жал­пылыктарды, өзгөчөлүктөрдү ж-а алардын се­бептерин изилдейт. Изилдөө мүнөзүнө жараша диалектография (сыпаттама, кээде мүнөздөмө) ж-а тарыхый деп бөлүнөт. Сыпаттама жолу м-н диалектилердин, говорлордун бир учурдагы абалы системалуу мүнөздөлсө, тарыхый диалек­тологияда диалектилердин, тилдик фактылардын тарыхый өнүгүп өзгөрүшүн изилдейт. Кыр­гыз тили түрк тилдерине киргендигине байла­ныштуу 11-к-да изилдөө объектине айланган. Буга далил катары М. Кашгаринин «Дивану лу­гат-ит түрк» эмгегинде кыргыздардын тилдик өзгөчөлүктөрү жалпы эле түрк элдеринин тилдик бөтөнчөлүктөрүнө салыштырылгандыгын атоого болот. Кийин 1856-ж. Ч. Валиханов «Ма­нас» эпосундагы тилдик өзгөчөлүктөрдү белгилеген. Оозеки чыгармаларды, а. и. «Манас» эпо­сундагы айрым эпизоддор В. Радловдун «Түндүк түрк урууларынын адабияттарынын үлгүлөрү» аттуу 10 томдук эмгегинин 5-томунда (1985) жа­рыяланган. Этнографиядан өзүнчө лингв. илим катары бөлүнүп чыккандан кийин диалектологияга көңүл бурула баштаган. 1920–30-жылдары кыргызча-орусча сөздүк үчүн сөздөр жыйнал­ганда диалектилик өзгөчөлүктөргө да байкоо жүргүзүлгөн. Натыйжада кыргыз тилинин диа­лектилерге бөлүнөрү ж-дө К. Тыныстанов алгач­кы (1934) пикирин жазган. 1938-ж. И. А. Батма­новдун «Кыргыз тилинин түндүк диалектиле­ри» деген эмгеги жарык көргөн. 1940-ж. К. К. Юда­хин «Кыргызча-орусча сөздүк» түзүп, анын ки­риш сөзүндө кыргыз тилинин диалектилик өзгөчөлүктөрү ж-дө жазган. Бирок 1950-жылдардан кийин гана кыргыз диалектилерин изилдөөиштери системалуу ж-а пландуу мүнөзгө өткөн. Бул жылдары Г. Бакинованын «Ысык-Көл го­ворунун материалдарынан» (1956), «Кыргыз тилинин Ош говору» (1956), Э. Абдулдаевдин «Кыр­гыз тилинин Чаткал говору» (1956), Г. Бакино­ва, С. Кондучалова, С. Сыдыковдун «Кыргыз ти­линин Жалал-Абад областынын говорлору» (1958) ж-а «Кыргыз тилинин Чүй говору» (1959), Т. К. Ахматовдун «Кыргыз тилинин Талас гово­ру» (1959), Э. Абдулдаев, Г. Бакинова, С. Кон­дучалова, С. Сыдыковдун «Тянь-Шандык кыр­гыздардын тилиндеги өзгөчөлүктөр» (1962), Э. Абдулдаев, Г. Бакинова, Н. Бейшекеевдин «Өзбекстандык кыргыздардын тилиндеги жергиликтүү өзгөчөлүктөр» (1962) деген эмгектер жарыяланган. О. эле В. Радлов жазып алган тексттеги диалектилик өзгөчөлүктөрдү С. Кондучалова, тажикстандык кыргыздардын тилин Ж. Мукамбаев, казакстандык кыргыздардын тилин Н. Бейшекеев, лейлектик кыргыздардын тилин Ш. Жапаров, анжияндык кыргыздардын тилин Ж. Жумалиев, кытайлык кыргыздардын тилин Ху-Жен-Хуа, Ху И изилдешкен. Кыргыз тилинин тарыхын ж-а адабий тилдин норма­ларын аныктоо үчүн анын кандай диалектилерге бөлүнүшүн тактап алуу керектигин алгачкы пи­кирди айткан К. Тыныстанов 4 диалектиге; И. А. Батманов 2 наречиеге; К. К. Юдахин, Ж. Мукамбаев 2 диалектиге; Б. М. Юнусалиев, Ш. Жапаров 3 диалектиге бөлүштүргөн. Ил. чөйрөдө кыргыз тили эки ж-а үч диалектиден турат деген көз-карашты жактаган пикирлер бар. 1960–70-жылдары кыргыз диалектилерин лингв.-геогр. жагдайдан иликтөө башталган. Анын натыйжасында 197 картадан турган «Кыргыз тилинин диалектологиялык атласы» (Г. Бакинова жетектеген авторлор тобу) түзүлгөн. Андан тышкары А. Биялиевдин «Кыргыз диа­лектологиясы» (2001), Ж. Мукамбаевдин 2555 беттен турган кол жазмасынын негизинде К. Коң­кобаев «Ж. Мукамбаевдин «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүн» (2009) чыгарган. Диалектилик фактыларды тарыхый ж-а линг.- геогр., ареалдык жактан талдоого алган көптө­гөн окуу китептер, методикалык колдонмолор, программалар, макалалар жарыяланууда.


Ад.: Юнусалиев Б. М. Кыргыз диалектологиясы, Ф., 1971.