КЫРГЫЗ ДИАЛЕКТОЛОГИЯСЫ
КЫРГЫЗ ДИАЛЕКТОЛОГИЯСЫ – кыргыз диалектилерин, говорлорун изилдөөчү илим. Диалектология илими диалектилердин, говорлордун тыбыштык системасындагы, грамматикалык түзүлүшүндөгү, сөздүк курамындагы жалпылыктарды, өзгөчөлүктөрдү ж-а алардын себептерин изилдейт. Изилдөө мүнөзүнө жараша диалектография (сыпаттама, кээде мүнөздөмө) ж-а тарыхый деп бөлүнөт. Сыпаттама жолу м-н диалектилердин, говорлордун бир учурдагы абалы системалуу мүнөздөлсө, тарыхый диалектологияда диалектилердин, тилдик фактылардын тарыхый өнүгүп өзгөрүшүн изилдейт. Кыргыз тили түрк тилдерине киргендигине байланыштуу 11-к-да изилдөө объектине айланган. Буга далил катары М. Кашгаринин «Дивану лугат-ит түрк» эмгегинде кыргыздардын тилдик өзгөчөлүктөрү жалпы эле түрк элдеринин тилдик бөтөнчөлүктөрүнө салыштырылгандыгын атоого болот. Кийин 1856-ж. Ч. Валиханов «Манас» эпосундагы тилдик өзгөчөлүктөрдү белгилеген. Оозеки чыгармаларды, а. и. «Манас» эпосундагы айрым эпизоддор В. Радловдун «Түндүк түрк урууларынын адабияттарынын үлгүлөрү» аттуу 10 томдук эмгегинин 5-томунда (1985) жарыяланган. Этнографиядан өзүнчө лингв. илим катары бөлүнүп чыккандан кийин диалектологияга көңүл бурула баштаган. 1920–30-жылдары кыргызча-орусча сөздүк үчүн сөздөр жыйналганда диалектилик өзгөчөлүктөргө да байкоо жүргүзүлгөн. Натыйжада кыргыз тилинин диалектилерге бөлүнөрү ж-дө К. Тыныстанов алгачкы (1934) пикирин жазган. 1938-ж. И. А. Батмановдун «Кыргыз тилинин түндүк диалектилери» деген эмгеги жарык көргөн. 1940-ж. К. К. Юдахин «Кыргызча-орусча сөздүк» түзүп, анын кириш сөзүндө кыргыз тилинин диалектилик өзгөчөлүктөрү ж-дө жазган. Бирок 1950-жылдардан кийин гана кыргыз диалектилерин изилдөөиштери системалуу ж-а пландуу мүнөзгө өткөн. Бул жылдары Г. Бакинованын «Ысык-Көл говорунун материалдарынан» (1956), «Кыргыз тилинин Ош говору» (1956), Э. Абдулдаевдин «Кыргыз тилинин Чаткал говору» (1956), Г. Бакинова, С. Кондучалова, С. Сыдыковдун «Кыргыз тилинин Жалал-Абад областынын говорлору» (1958) ж-а «Кыргыз тилинин Чүй говору» (1959), Т. К. Ахматовдун «Кыргыз тилинин Талас говору» (1959), Э. Абдулдаев, Г. Бакинова, С. Кондучалова, С. Сыдыковдун «Тянь-Шандык кыргыздардын тилиндеги өзгөчөлүктөр» (1962), Э. Абдулдаев, Г. Бакинова, Н. Бейшекеевдин «Өзбекстандык кыргыздардын тилиндеги жергиликтүү өзгөчөлүктөр» (1962) деген эмгектер жарыяланган. О. эле В. Радлов жазып алган тексттеги диалектилик өзгөчөлүктөрдү С. Кондучалова, тажикстандык кыргыздардын тилин Ж. Мукамбаев, казакстандык кыргыздардын тилин Н. Бейшекеев, лейлектик кыргыздардын тилин Ш. Жапаров, анжияндык кыргыздардын тилин Ж. Жумалиев, кытайлык кыргыздардын тилин Ху-Жен-Хуа, Ху И изилдешкен. Кыргыз тилинин тарыхын ж-а адабий тилдин нормаларын аныктоо үчүн анын кандай диалектилерге бөлүнүшүн тактап алуу керектигин алгачкы пикирди айткан К. Тыныстанов 4 диалектиге; И. А. Батманов 2 наречиеге; К. К. Юдахин, Ж. Мукамбаев 2 диалектиге; Б. М. Юнусалиев, Ш. Жапаров 3 диалектиге бөлүштүргөн. Ил. чөйрөдө кыргыз тили эки ж-а үч диалектиден турат деген көз-карашты жактаган пикирлер бар. 1960–70-жылдары кыргыз диалектилерин лингв.-геогр. жагдайдан иликтөө башталган. Анын натыйжасында 197 картадан турган «Кыргыз тилинин диалектологиялык атласы» (Г. Бакинова жетектеген авторлор тобу) түзүлгөн. Андан тышкары А. Биялиевдин «Кыргыз диалектологиясы» (2001), Ж. Мукамбаевдин 2555 беттен турган кол жазмасынын негизинде К. Коңкобаев «Ж. Мукамбаевдин «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүн» (2009) чыгарган. Диалектилик фактыларды тарыхый ж-а линг.- геогр., ареалдык жактан талдоого алган көптөгөн окуу китептер, методикалык колдонмолор, программалар, макалалар жарыяланууда.
Ад.: Юнусалиев Б. М. Кыргыз диалектологиясы, Ф., 1971.