КЫРГЫЗДАРДЫН ЧҮЙГӨ КЕЛИШИ
КЫРГЫЗДАРДЫН ЧҮЙГӨ КЕЛИШИ (18-к.) – калмактардын Борб. Азиядагы баскынчылык согуштарынан (к. Кыргыз-калмак (ойрот) согуштары) улам Кара-Тегин, Ысар (Гиссар), Көлөп (Куляб) ж-а Ферганага сүрүлүп барган кыргыздардын ата журтуна кайтып келиши. К. ч. к. тууралуу алгач Б. Солтоноевдин эмгегинде (к. Кызыл кыргыз тарыхы) эскерилет. 18-к-дын орто ченинде ички ж-а тышкы кырдаалга байланыштуу Жуңгар хандыгы саясий-экон. кризиске учурап, алсырай баштайт. Убагында калмактардын экспанциясына туруштук бере албай, чачылып кеткен кыргыздардын кайрадан биригүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бул учурда кыргыз бийлеринин (к. Маматкул бий, Каработо бий, Кошой бий) демилгеси м-н сүрүлгөн кыргыздар 1730–40-ж. Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо аймактарына көчүп келет. Кыргыздар калмактардын Чүйдү ээн таштап, Ысык-Көл тарапка жер которгондугу ж-дө кабар («жөө күлүктөр» Дорбаш, Койкоң-Назар, Көкөй Чүйгө келип, жер чалышкан) алышып, чакан топтон куралган кол адегенде Талас, Чүй, кийинчерээк Ысык-Көл, Иле өрөөнүндөгү калмактарды сүрө баштайт (к. Атаке, Качыке, Эр Солтоной). Натыйжада калмактар Ички Жуңгарияны карай чегинип, Олуя- Атадан Балхаш, Илеге чейинки жерлер бошотулат. Калмактардан бошогон Талас, Чүй аймактарын Улуу жүздүн кээ бир уруулары (сары уйсун, дуулат, чапырашты, чанчкылы ж. б.), Иле тарабын Орто жүз наймандары, Ысык-Көл, Ат-Башынын чыгыш, түш.-чыгышындагы аймактарын Цин империясы ээлеп алууга умтулат. Ушундай жагдайда Маматкул, Кошой бийлер кыргыздарды Кетмен-Төбөдөн Талас, Чүй, Ат-Башы, Ысык-Көлгө көчүрүү демилгесин көтөрөт. Ошол мезгилде Ташкент, Түркстан тараптан Чүй тарапка жыла баштаган казак урууларына кыргыздардын Чүйгө көчүп келе башташы тоскоолдук кылат. Туума бий башындагы кушчу, саруулар м-н Садыр баатыр жетектеген саяк (негизинен түнкатар) уруулары Талас – Олуя-Ата; Жайыл баатыр, Момокон башындагы солтонун талкан уруусу Олуя-Ата –Мерке – Кара-Балта; Кебек бий баштаган бөлөк байлар Кара-Балта – Ысык-Ата; Качыке башындагы чекир саяктар Ысык-Ата – Кемин; Атаке м-н Эсенкул башында турган сарыбагыштар Кеминден Илеге чейинки аймактарга, Черикчи бий башында турган миң түтүн бугу-сарыбагыш ж-а миң түтүн саяк уруусу 1761-ж. Ысык-Көлдүн чыгыш тарабына, Иленин оң жээгине көчүп келет. К. Ч. к. м-н кыргыз-кытай, кыргыз-казак чек ара маселелери курчуйт. Орус ж-а кытай жазма булактарында казак сул- тандары Абылпеиз 1763–64-ж. Илеге, Абылай 1765-ж. Илеге, 1766-, 1769-, 1773-, 1779–80-ж. Кара-Балта, Олуя-Ата тараптан кыргыздарга кол салат (к. Абылай хандын кыргыздарга жортуулдары, Жайыл кыргыны, Түлөберди баатыр). Бирок казактар кыргыздардан жеңилген соң, эки элдин ортосунда тынчтык келишими түзүлөт. Натыйжада кыргыздар Байгара, Жамбыл, Кулжа-Башы тоолору, Балхаш көлү ж-а Иле д-нын баш жагын казак ж-а Цин империясынын аскерлеринен коргоп калат. Ал эми Цин империясы м-н кыргыздардын ортосундагы чек ара маселеси элчилик жиберүү аркылуу чечилет (к. Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилелери).
Ад.: Цинская империя и казахские ханства (вторая половина XVIII–первая треть XIX в.). А., 1989, 2-я
часть; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б. , 1995; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.
Э. Турганбаев.