КЫРГЫЗ БАЛДАР АДАБИЯТЫ
КЫРГЫЗ БАЛДАР АДАБИЯТЫ – кыргыз ад-тынын бир бутагы. К. б. а-нын жаралышы, кыргыз совет ад-тынын пайда болушу ж-а өнүгүш тарыхы м-н тыгыз байланыштуу. Жалпы профессионал ад-т сыяктуу эле К. б. анын да өсүп чыккан табигый булактарынын бири – фольклор. Оозеки ад-тта балдарды адамгерчиликтүү сапаттарга, патриоттук сезимге үндөгөн жаш муунга таалим-тарбия берүүчү элдик чыгармалар ар кыл темадагы жомоктор («Асан жана Үсөн», «Акылдуу бала», «Элчи бала», «Күч бирдикте» ж. б.), бешик ырлары, оюн ырлары, санат, насыят чыгармалар, табышмактар, жаңылмачтар көп жаралган. К. б. а-нын түзүлүшүндө ж-а өнүгүшүндө ырчылар поэзиясынын классиктеринин (Токтогул Сатылганов, Тоголок Молдо, Барпы Алыкулов) балдарга арналган чыгармаларынын мааниси чоң. Басма бетинде биринчи К. Баялиновдун «Чабалекей менен жылан», «Түлкү менен суур» (1927), «Жетилген жетим» (1928), «Мурат» (1929) аңгемелери жарыяланган. 20–30-жылдары А. Токомбаевдин «Жетим» (1927), «Эшим жетим» (1928) поэмалары, С. Сасыкбаевдин «Кичинекей жумушчу» (1932), «Чабандын баласы жана көк музоо» (1935), К. Маликовдун «Сарала козу», «Бактылуу кыз» (1936), «Сулайманов Керимбек» (1937), К. Жантөшевдин «Мендирман» (1938), Ж. Бөкөнбаевдин «Балдар үчүн ырлар» (1939), Т. Үмөталиевдин «Күч бирдикте» (1939), Н. Байтемировдун «Жомоктор» (1939), К. Эсенкожоевдин «Шарше», «Саякатчы бала» (1937), «Родинанын уулу», «Үчүнчү шар», «Канаттуулардын сыры» (1939) ж. б. чыгармалар жаралган. Булар кыргыз жазма адтындагы К. б. а-нын туңгуч көркөм туундулары эле. К. Баялиновдун «Ал эми жетим эмес», Т. Сыдыкбековдун «Кичинекей патриоттор», «Сагынбадымбы», С. Сасыкбаевдин «Партизандын уулу» аңгемелери, А. Токомбаевдин «Бүркүт менен үкү», Ж. Бөкөнбаевдин «Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт», «Чептен эрдин күчү бек», А. Токтомушевдин «Бала» аттуу поэмалары, тамсилдери – 1940-жылдардагы

К. б. а-нын андан аркы сапаттык өнүгүшүн далилдеген баалуу чыгармалар. К. б. а. айрыкча согуштан кийинки мезгилдерде тез темп м-н өнүгүп, А. Токомбаевдин «Биздин китеп» (1949), А. Осмоновдун «Балдар үчүн» (1947), Т. Үмөталиевдин «Тартуу» (1948), «Кичинекейлерге ыр» (1956), К. Маликовдун «Жеткинчектер» (1954), А. Токтомушевдин «Жаштын тилеги» (1948), «Жакып уулу» (1957), Р. Шүкүрбековдун «Эки бөжөк» (1958) деген китептери басмадан чыккан. Бул чыгармаларга сезимталдык м-н терең мазмун, образдарды реалисттик ачуунун жаңыча ыкмалары мүнөздүү. К. Жантөшевдин «Тилек» повести (1949), Т. Сыдыкбековдун «Тоо балдары» (1953) романы К. б. а-нын өнүгүшүндөгү жаңы баскычты белгилеген. К. б. а. азыркы учурда көркөм деңгээли жогору, тарбиялык мааниси терең, тематикасы ар кыл чыгармалар м-н толукталууда. Ч. Айтматов, М. Жангазиев, Ш. Бейшеналиев, И. Исаков, А. Кыдыров, Т. Кожомбердиев, А. Айтбаева, Ж. Садыков, Б. Сарногоев, С. Жусуев, Т. Самудинов, Б. Асаналиев ж. б. акын-жазуучулар «балдар дүйнөсүн» чебер талдаган кызыктуу чыгармалары м-н балдарга белгилүү болду, к. Балдар адабияты, Кыргыз балдар фольклору.
Ад.: Түлөгабылов М. Кыргыз балдар адабияты. Ф., 1963; Балдарга арналган оозеки чыгармалардын үлгүлөрүнөн. Ф., 1972; Кыргыз элинин санат-насыят жана терме ырлары. Ф., 1973; Кыргыз эл жомоктору. Ф., 1975; Кыргыз балдар адабияты. Биобиблиографиялык справочник (1926–1966). Ф., 1969.