КЫРГЫЗ АТЧАНДАР ПОЛКУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ АТЧАНДАР ПОЛКУ – 1920-ж. июнь айында Кыргыз атчандар дивизионунун ордуна кайрадан түзүлгөн аскер бөлүгү. К. а. п. негизи­нен кыргыз ж-а өзбек калкынан куралып, саны миң жоокерге жеткен. Бул полктун жардамы м-н О. Азияда уюшулган басмачылардын саны азайып, алар тоолуу аймактарга чегинген. Бу­хара эмирин тактан түшүрүүгө, ал жерде Совет бийлигин орнотууга көмөктөшкөн. Басмачылар­га каршы күрөштөгү эрдиги үчүн полктун ко­мандири С. Күчүков Кызыл Туу ордени м-н сый­ланып, көптөгөн жоокерлер баалуу сыйлыктар­га татыктуу болгон. Жарандык согуш аякта­гандан кийин К. а. п. таркатылган.

К. Алымкулов.