КЫРГЫЗ-АТА КООЗ ТАШ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ-АТА КООЗ ТАШ КЕНИ Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Эски- Ноокат кыш-нан 5–6 км түштүктө. 1956-ж. табылган. Кен аймагын юра мезгилинде пайда болгон кызыл түстүү кумдук түзөт. Жыгачтын калдыгы халцедон м-н кварцка ширелип, таш болуп катып калган. Өңү ачык күрөң, мала кызыл, көгүш. Майда бүртүкчөлүү, темгилдүү. Жыгачтын структурасы, жылдык тегерек темгилдери, жаракалары начар сакталган. Блоктуулугу 10x10x5 см. Жылмалап сайкалдаганда кооз оймо-чиймелерди пайда кылат. Белек-бечкек буюмдарын жасоого жарамдуу.