КЫРГЫЗ АССР СОВЕТТЕРИНИН 1-УЮШТУРУУ СЪЕЗДИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ АССР СОВЕТТЕРИНИН 1-УЮШТУРУУ СЪЕЗДИ – 1927-ж. 7–12-мартта Фрунзе ш-нда өткөн. Съездге 231 делегат катышкан. Съезд Кыргыз Автономия Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгү ж-дө Декларация кабыл алып, Кыргыз АССР БАКка 123 мүчө ж-а 27 кандидат шайлаган. Алардын катарына: Н. Узюков, Ж. Саадаев, А. Орозбеков, Ж. Абдрахманов, О. Алиев, Г. Булатов, О. Ты­наев, Т. Усманова, С. Кулматов, К. Тыныста­нов, И. Айдарбеков, Э. Эсенаманов, К. Юлдашев, А. Кулумбаев, Х. Шооруков, Т. Айтматов ж. б. кирген. Съездде Бүткүл россиялык советтердин съездине 15 делегат (Т. Усманова, Ж. Абдрах­манов, Э. Эсенаманов, Т. Айтматов, Х. Шоору­ков, Е. Поливанов ж. б.) ж-а СССР БАКтын Улуттар советине 5 делегат (Н. Узюков, Ж. Саа­даев, А. Орозбеков, К. Иващенко, М. Якупбаев) шайланган. 12-мартта Кыргыз АССРинин 1-ча­кырылышынын 1-сессиясы өтүп, анда БАКтын сессияларынын аралыгында 17 мүчө ж-а 6 кандидаттан турган Кыргыз АССР БАКтын Прези­диуму шайланып, А. Орозбеков анын төрагасы болуп калган. О. эле Эл Комиссарлар Совети (ЭКС) уюшулуп, ага Ж. Абдрахманов бекитил­ген. Съезддин чечимдери Кыргыз АССРинин мамл. бийлик ж-а мамл. башкаруунун жогорку органдарынын (Бүткүл кыргыз советтеринин съезди, Кыргыз АССР Советинин БАКы, БАКтын Пре­зидиуму, ЭКС ж. б.) мыйзамдуу түрдө иш жүргүзүшүнө шарт түзгөн.


Ад.: История Киргизской ССР с древнейших времен до наших дней. В 5-и томах. Ф., 1986; Кыргызская государственность в XX веке (Документы, история, комментарии). /Сост. А. Джуманалиев. Б., 2003; Джуманалиев А. Политическая история Кыргызстана. (Становление политической системы Кыргызского общества). Б., 2005.

К. Алымкулов.