КООМУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КООМУ – КРдеги алтын кенин өндүрүүчү ири ишкана. «Кыргызалтын» мамл. концерни болуп 1992-ж. уюшулуп (1999-жылдын 23-июлу­нан ААК), анын максаты тоо-кен тармагын бириктирүү, иштеп жаткан ишканаларды колдоо ж-а алтын кендерин өздөштүрүү б-ча су­нушталган жаңы долбоорлорду ишке ашыруу. Ишкана сырьё базасын өнүктүрүү, алтын кенде­рин комплекстүү өздөштүрүү, өндүрүш потенци­алын рационалдуу пайдалануу, тех. коопсуз­дукту түзүү, айлана-чөйрөнү коргоо ж. б. страте­гиялык иш-чараларды жүргүзөт. Коомдун ку­рамында 7 филиалы («Макмалалтын» комбинаты, «Терек-Сай», «Солтон-Сары» кендери, автотранспорт ишканасы, «Аффинаж» з-ду, зергерчилик цехи, «Кыргыз деңизи» санаторийи ж. б.) бар.