КЫРГЫЗ АКАДЕМИЯЛЫК КАМЕРАЛЫК ХОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ АКАДЕМИЯЛЫК КАМЕРАЛЫК ХОРУ – 1974-ж. Кыргыз ССР Телерадиокомитетинин алдында Министрлер Советинин чечими м-н уюшулган. Алгачкы жетекчиси К. Алиев. Хордун репертуары жерг. ж-а чет өлкөлүк ком­позиторлордун (В. Моцарт, Ж. Верди, С. Танеев, С. Рахманинов, М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, С. Юсупов ж. б.) классикалык чыгармаларынан

Кыргыз академиялык камералык хору. 2010-ж.

(хорлор, кантаталар, реквиемдер) түзүлгөн. Коомдук телерадиокорпорациясынын алтын казынасында хордун аткаруусунда 500дөн ашык чыгарма бар. Хор конкурстарга, фестивал­дарга катышып турат. Кыргыз элинин классик композиторлору А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, А. Жаныбеков, С. Осмонов, Э. Жумабаев, А. Жээнбаев, С. Айти­кеев ж. б-дын чыгармалары; элдик ырлар ж-а М. Баетов, А. Огомбаев, Ж. Шералиев, Р. Аб­дыкадыров, А. Атабаев, К. Тагаев ж. б. обончулардын үлгүлүү ырлары хор ж-а а`капелла үчүн иштелип чыккан. Хордо жогорку квалифика­циялуу В. Базылбекова, К. Исмаилова, З. Тоя­лиева, О. Жапаров, Ч. Дүйшөналиев, С. Урманбетова, Б. Ыбыкеев сыяктуу ырчылар эмгектенишет. Камералык хор Ленин комсомолу сыйлыгынын (1978), Казакстанда өткөн хор искусствосу б-ча эл аралык конкурстун (2007) лауреаты. 2008-жылдан азыркы КРдин Мад-т ж-а туризм министрлигине караштуу. Жетекчилери: В. Д. Гумбин (1976–91, 1999–2001), К. Нурматов (1992–94), кыргыз аялдарынан чыккан туңгуч дирижёр Г. Маматова 2001-жылдан.