КЫРГООЛДОР
КЫРГООЛДОР (Phasianidae) – тоок сымалдар түркүмүндөгү көп түрдүү куштар тукуму. Аларга эң кичине бөдөнөдөн тартып, эң чоңу тооско (павлинге) чейинки илбээсиндер кирет. Дене уз. 13–190 см. Тумшугу жана шыйрагы жүнсүз, эркегинин текөөрү бар. Жакшы чуркайт, начар учат. 5–7 уруусу, 180дей түрү белгилүү. Алар Евразия, Америкада (уюл аймактарынан башка) ж-а Африкада таралган. Жерге уялап, 8–18 жумуртка тууйт, ургаачысы 24–25 күн басып, балапан чыгарат. Өсүмдүк уругу, мөмөсү, бүрү, курткумурскалар м-н азыктанат. КМШ өлкөлөрүндө 13 түрү таралган. Кырг-нда 2 түрү кезигет. Алардын 21 түрү ж-а 2 түрчөсү ТКЭСтин, 2 түрү КРдин Кызыл китебине катталган.