КЫРГООЛДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГООЛДОР (Phasianidae) – тоок сымалдар түркүмүндөгү көп түрдүү куштар тукуму. Алар­га эң кичине бөдөнөдөн тартып, эң чоңу тооско (павлинге) чейинки илбээсиндер кирет. Дене уз. 13–190 см. Тумшугу жана шыйрагы жүнсүз, эркегинин текөөрү бар. Жакшы чуркайт, начар учат. 5–7 уруусу, 180дей түрү белгилүү. Алар Евразия, Америкада (уюл аймактарынан башка) ж-а Африкада таралган. Жерге уялап, 8–18 жу­муртка тууйт, ургаачысы 24–25 күн басып, балапан чыгарат. Өсүмдүк уругу, мөмөсү, бүрү, курт­кумурскалар м-н азыктанат. КМШ өлкөлөрүндө 13 түрү таралган. Кырг-нда 2 түрү кезигет. Алар­дын 21 түрү ж-а 2 түрчөсү ТКЭСтин, 2 түрү КРдин Кызыл китебине катталган.