КЫРБАШЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРБАШЕВ Кеңеш (2. 4. 1931, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Темир айылы – 29. 2. 2004, Бишкек) – «Манас» изилдөөчү ж-а жыйноочу, КР илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (1997), филология илимд. кандидаты (1968), КР мад-тына эмг. сиң. ишмер (1990). КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1956). КР УИАнын Тил ж-а адабият ин-тунда лаборант (1958), кенже ил. кызматкер (1958–69), улук ил. кызматкер (1969), жетектөөчү ил. кызматкер (1990), Кол жазмалар бөлүмүнүн башчысы (1991–2004) болуп иштеген. «Кыргыз тилинин түшүн­дүрмө сөздүгүн» (1969, 1985) түзүүгө катышкан. «Эл адабияты» сериясына, «Кыргыз адабиятынын тарыхы» аттуу 7 томдон турган коллективдүү эмгекке бир катар ил. макалалары жарыяланган. 200дөн ашуун ил. эмгектин, а. и. «Алы­кул Осмоновдун поэзиясынын тили» (1968), «Ма­нас» эпосунун стили (1983), «Манасчы Жусуп Мамай» (1997) аттуу монографиялардын ж-а «Манас» эпосуна арналган эмгектердин автору.