КЫПЧУУРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫПЧУУРЛАР , т е р и к а н а т т у у л а р (Dermaptera) – курт-кумурскалар түркүмү. Дене уз. 3,5–50 ммге жетет. Түсү саргыч күрөң же каралжын. Алдынкы канаттары кыска, арткысы жаргакчалуу. Курсагы 7–10 муунактуу, учунда ийри кыпчууру болот. Ал коргонуу ж-а кол салуу органы болуп саналат. Чала кубулуу жолу м-н көбөйөт. Жумурткасын жерге (уясына) таш­тайт. Ургаачысы уясында жумурткасын, андан чыккан личинкасын кайтарат. 1300дөй түрү тропик, субтропикте кеңири таралган. Нымдуу, жылуу жерде жашайт. Күндүз таш, түшкөн жал­бырак астында жашынып жатат, түнкүсүн азыгын издейт. Өсүмдүк, жаныбар калдыктары, курт-кумурска м-н азыктанат. А. ч. өсүмдүк­төрүнө зыян келтирет.