КЫПЧАК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫПЧАК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ – о. кылымдардагы түрк тилдүү урууларга таандык жазма эстеликтер. Кыпчак тили ж-дө толук маалы­маттар 1234-ж. итал. ж-а немис монахтары түзгөн 2994 сөздөн турган «Кодекс Куманикус» аттуу латын-фарсы-кыпчак сөздүгүндө чагылды­рылган. Сөздүктө христиан дубалары ж-а 50 та­бышмак берилген, ал 1880-ж. Будапештте Геза Кун тарабынан басылып чыккан. 15–17-к-дагы Каменец-Подольскиде армян алфавитиндеги хроникалар ж-а соттук актылар кыпчак тилинде жазылган. Алардын ичинен 1492–1537-ж-ды камтыган Венеция хроникасы белгилүү. Бул хрониканы 1896-ж. тарыхчы Г. Алишан басып чыгарган.