КЫПЧАК 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫПЧАК – кыргыздын этностук курамындагы ичкилик уруулук тобуна (к. Булгачы уруулук бирикмеси) кирген уруулардын бири. Айрым оку­муштуулардын пикири б-ча байыркы К. уруулары (к. Кумандар, Кыпчактар) м-н түз байланышы бар этностук компонент болуп саналат. Санжыра маалыматтарында К. тогуз урууга (таз, торайгыр, кожомшүкүр, жартыбаш, шерден, кар­мыш, жаманак, омонок, алтыке) таралып, Түш. Кырг-нда (Фергана өрөөнү) жашаган К-тар жалпы жонунан «кыргыз кыпчак» («тору кыпчак»), өзбектерге жакындары «сарт кыпчак» («сары кыпчак»), казактар м-н аралаш тургандар «ка­зак кыпчак» («кара кыпчак») деп аталып кал­ган деп айтылат. Бирок ил. көз караштар б-ча аларды өзбек, каракалпак ж. б-дын курамын­дагы К-тар м-н салыштырууга болбойт, алар­дын түзүлүшү башкача экени байкалат, ал эми казактардын ичиндеги К-тарда да торайгыр тобу кездешет. Ошондуктан К-тардын теги алтайлык уруулар м-н байланышта болгон деп кароого бо­лот. Негизинен Түн. Кырг-ндын Чүй (Аламүдүн, Кант, Чүй, Кемин ж. б.), Нарын (Нарын, Ак- Талаа, Ат-Башы, Кочкор ж. б.), Ысык-Көл (Тоң, Түп) өрөөндөрүнүн кээ бир айылдарында уруу­уруу болуп чогуу турушат. Бул аймактарда жа­шаган К-тар өздөрүнүн түпкү тегин Түш. Кырг-н деп эсептейт. Кыргыз эпосторунун башкы каар­мандары: Эр Төштүк, Курманбек, Жаныш, Ба­йыш ж-а Эр Үрбү, Шырдакбек ж. б. баатырлар­дын уруусу К. экени айтылат.


Ад.: Абуль-Гази хан. Родословное древо тюрков. Казань. 1906; Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. Т. 2. Б., 1995; Закиров С. Кыр­гыз санжырасы. Б., 1996; Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Материалы по истории кыргызов и Кыр­гызстана. Т. 1. Б., 2003.

Р. Жолдошов.